Кежеңдете сүйрөп... Ит көчөдөгү башка иттин жибин кырчып, ээрчитип бара жаткан видео

Жазылуу
Көчөдө жүргөн жолбун ит ээси темирге байлап кеткен башка эле чоочун иттин жибин кырча тиштеп, ээрчитип кеткен видео тарады. Окуя Россиянын шаарларынын биринде болгон. Бул туурасында Sputnik Казакстан жазды.

Окуяны көчөдө токтоп турган автоунаанын ичиндегилер баштан-аяк тартып алган.

Тиштей качып, ажалдан арачалаганга жетишти. Каарман, боорукер иттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Тиштей качып, ажалдан арачалаганга жетишти. Каарман, боорукер иттин видеосу
Алгач жолбун ит эч нерседен камаарабай жаткан иттин байланган жибин тиши менен тартып чечүүгө аракет кылат. Четтен байкаган киши анын акылдуулугуна таң бербей коё албайт. Ары жакка бир чыгып, бери жакка бир чыгып, каргынын боосун бошото албай коёт. Мындай аракетинен майнап чыкпагандан кийин башкача тактикага өтөт да, жипти чайнап салып, "досун" бошоткон. Анда соң жаткан итти ой-боюна койбой, үзүлгөн каргынын боосунан жетелеп кетип бараткандыгын көрүүгө болот. Ал эми жаңы эле "эркиндикке чыккан" жаныбар кежеңдеп араң басып бара жатат. Кыязы, ага мындай эркиндиктин деле кереги жок сыяктуу.

Алыстан байкап тургандар, бошотулган итти ордуна байлап, ал эми "эркиндиктин күрөшүүчүсүн" дал жанынан видеого тартып алышкан. Ал кишилерди айыпсыз көздөрү менен тиктеп турганын көрүүгө болот.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0