Бишкектин борборунда токтоп турган автоунаа күйүп кетти. Күбөнүн видеосу

Жазылуу
Күбөлөр жалында калган автоунаанын жанындагы машиналарды ары түртүп, аларды куткарып калышкан.

Өрт 20-июлга караган түнү болуп, Бөкөнбаев менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган BMW автоунаасы күйүп кеткен. Окуянын видеосун күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу салды.

Горит трава на Панораме под Бишкеком - Sputnik Кыргызстан
Бишкекке жакын жердеги Панорама аймагындагы тоонун боору күйүп жатат. Видео
Анын айтымында, окуя түнкү саат 3:00дөр чамасында болгон. Бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес. Жакын жерде жүргөн кишилер жалында калган автоунаанын жанындагы машиналарды ары түртүп куткарып калышкан.

Күбө эртең менен саат 9:00дөр чамасында окуя болгон жерден өткөндө, күйүп кеткен машина жок экенин көргөнүн айтты.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, автоунаа өрттөнүп жатканы боюнча маалымат саат 2:49да түшкөн. Кырсык болгон жерге бир өрт өчүрүүчү машина келип өрттү өчүргөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0