Автоунаанын педалын чаташтырган кыз кишилер отурган кеңсеге кирип кетти. Видео

Жазылуу
Автоунаа кеңсенин дубалын тешип кирип кеткен. Кырсыктын учуру видеокамерага түшүп калган.

Ойго келбеген окуя 14-июлда Кытайдын Дунгуань шаарында болгонун CGTN телеканалы билдирди. Рулдагы кыз унаа токтотуучу жайдан чыгууга аракет кылып жатканын, бир маалда эле зуулдаган бойдон кишилер отурган кеңсеге дубалды тешип кирип келгенин көрүүгө болот.

Кырсык болгон учурда кеңсенин ичинде кишилер болгон. Бир кызматкердин колу-буту сынып, ооруканага жеткирилсе, экинчиси жеңил жаракат алган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, кыз педалдарды алмаштырып алгандыгын айткан. 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0