Жети-Өгүздө өрүк сатуу машакатка айланды. Багбандардын ящик талашкан видеосу

Жазылуу
Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылынын тургуну  Акылбек Ормонов жергиликтүү эл өрүгүн сата албай түйшүк тартып жатканын айтып берди.

Анын айтымында, жергиликтүү багбандар жол карап кардар күтүп, келери менен ящик талашып, аз болсо да сатып калууга жан далбастайт.

Азыркы тапта Ормоновдун бакчасында эки тоннага жакын өрүк бышып турат. Анын 150 килограммын гана сата алганын билдирди.

"Башында айыл өкмөтү дүңүнөн алгандарды чакырып, эл менен жолуктурган. Чогулушта  өрүктүн килограммы 40 сомдон деген баа бекитилген, бирок кайра эле арзандап, 30 сомдон ашпай жатат. Анда да алуучу жок. Фураны ачканда эле кызыл кыргын болуп ящик калбай калууда. Өрүк сактап койгудай картошка же алма эмес экен да, баары бышып жарабай баратат. Былтыр да 50 сомдон башталып, аягында 10 сомго түшүп кеткен. Мурда мындай көйгөй болчу эмес", — деди Ормонов.

Системанын жарымын өзгөртөм. Министр болгон Чодуев дагы эмнени убадалады? Видео - Sputnik Кыргызстан
Системанын жарымын өзгөртөм. Министр болгон Чодуев дагы эмнени убада кылды? Видео
Жети-Өгүз аймагынын өрүктөрү Россияга экспорттолот. Багбандын билдиришинче, быйыл дүңүнөн сатып алуучулардын аз болушуна Казакстандын бажы көзөмөлүндөгү көйгөй себеп болууда.

"Айылдыктар негизинен өрүк өстүрүү менен алектенет. Ансыз деле быйыл жазда үшүк жүрүп, түшүм азыраак болду. Көбү жемиш бышканда кутулабыз деп карызга азык-түлүк алышчу. Негизги кирешебизди өрүктөн табабыз. Кардарлар Казакстандан өтө албай кармалып жатат экен. Айыл чарба министри ушул боюнча сүйлөшүп берсе кыйналмак эмеспиз", — деди багбан.

Ушул эле Кичи-Жаргылчак айылынын башчы Сталбек Бакчиев мындай көйгөй коңшу айылдарда дагы жаралып жатканын билдирди.

"Беш жылдан бери бул жемишти өстүргөндөр көбөйдү. Сатып алуучулар бир айылга келсе, экинчиси калып калган жагдайлар да бар. Былтыр кардар көп болгон, бирок өрүктөргө оору тийип, сырткы көрүнүшү начар болуп калган. Быйыл өрүктүн сапаты жакшы болгону менен кардар жок", — деди айыл башчы.

Бакчиев айыл тургундары мындан сырткары картошка эгүү жана алма өстүрүү менен алектенерин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0