Казакстанда жубайлар тоюна тик учак менен келип, учкучу жазаланды. Видео

Жазылуу
Казакстанда баш кошкон жаш жубайлар тоюна тик учак менен келишкен. Анын видеосу социалдык тармакка жайылып, талкуу жаратты.

Высший пилотаж! Вертолет Ми-28 вращается на большой скорости — видео - Sputnik Кыргызстан
Сейрек кадрлар. Ми-28 тик учагынын абада бара жатып тегеренген видеосу
Sputnik Казакстан агенттигинин жазганына караганда, видео социалдык тармакка 15-июлда, дүйшөмбү күнү тараган. Андан Falcon Avia жоопкерчилиги чектелген коомго таандык R-44 тик учагынын конгонун көрүүгө болот. Жаңы үйлөнгөн жубайлардын бул аракети Чу шаарынын жашоочуларынын көңүлүн бурган. 

Көп өтпөй Казакстандын Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин жарандык авиация комитети окуя тууралуу үн катып, тик учактын пилотун иштен алган. Себеби ал Казакстандын жарандык авиациясынын учуу эрежелерин сактаган эмес.

Мындан тышкары, инспекциялык комиссия Falcon Avia ЖЧКсынын учууларды уюштуруу ишин текшере турганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0