"Ичип алыптыр". Унааларды сүрүп кеткен фуранын айдоочусун кармаган учур. Видео

Жазылуу
Күбөлөр жүк ташуучу унаанын артынан түшүп, видеого да тартышкан. Ошондой эле жол четинде турган инспекторлорго маалымат беришкен.

Рейд ГУОБДД За рулем в городе Ош - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунда алты ай ичинде жол кырсыгынан 52 адам каза болду
Бишкекке жакын жерден Howo үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу жол жээгинде токтоп турган алты автоунааны каптал жагынан сүрдүрүп кеткен.

Жол кырсыгы 15-июлда саат 22:00дөр чамасында Эне-Сай конушундагы Курманжан датка көчөсүндө болгон. Автоинспектор 43 жаштагы Б.У. аттуу жаранды ГЭС-5 аймагынан кармап, Аламүдүн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизди. Ал эми жүк ташуучу автоунаа айып короого токтотулду.

Медициналык экспертизанын жыйынтыгында айдоочунун мас экени аныкталган. Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0