Баңгизатты суу алды менен ташып... АКШдагы атайын операциянын видеосу

Жазылуу
Американын жээк күзөтү баңгизатты суу алдында жүрүүчү кеме менен ташып бараткандарды кармады. Атайын операциянын видеосу YouTube каналына жарыяланган.

Кадрда аскер адамдары суу алдында жүрүүчү кемеге секирип, люкту ачууну талап кылып жатканын көрүүгө болот. Кылмышкерлер айласыздан алардын талаптарын аткарган. Кийинчерээк, кеме суу алдында жүргөндөй көрүнгөнү менен андай эмес экени ачыкталган.

Нашаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүй: түрмөгө 3 кг ашык нашаа алып киргенге аракет кылган киши кармалды. Сүрөт
Washington Post басылмасынын билдирүүсү боюнча, кармалгандар АКШга 569 миллион долларлык баңгизатты жеткирүүгө аракет кылышкан.

Жээк күзөтүнүн кызматкерлеринин айтымында, кеме менен жүргөн кылмышкерлер полицияны көргөндө баңгизатты сууга ыргытып жиберип, ал чөгүп кетет.

Аталган мекеменин кызматкерлери АКШга бардык баңгизаттын 80 пайызы Тынч океан аркылуу кирерин кошумчалашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0