Автоунаасын "сальто жасатып", андан соң көздөн кайым болгон айдоочу. Видео

Жазылуу
Омск шаарындагы соода борбордун автоунаа токтотуучу жайынан катуу ылдамдыкта чыккан жеңил автокөлүктүн кырсыктап, эки ирет "сальто жасаган" учуру видеого түшүп калган.

Окуянын кандай болгондугу YouTube каналына жарыяланган.

Кадрдан автоунаа күү менен чыгып келе жатып бордюрга тийип, андан кийин учуп барып эки ирет "сальто жасап", анан жерге түшкөнүн көрүүгө болот.

Капыстан болуп кеткен окуядан кийин айдоочу темир тулпарынын кыймылын жөнгө салууга жетишип, андан ары айдап кеткен.

Маалыматта жол кыймылына көзөмөл кылган органдын өкүлдөрү окуянын себепкерин издеп жаткандыгы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0