Балапандарын коргогон төө куш гиенаны тебелеп кете жаздаган. Видео

Жазылуу
BBC тарткан документалдуу фильмде төө куштар баласын коргоо үчүн эмне кылганын кеңири баяндап берген.

Тасма тарткан топ Танзаниянын түндүк тарабындагы Серенгети деп аталган улуттук паркта кызыктуу окуяга күбө болгон.

Парк Вондела в Амстердаме - Sputnik Кыргызстан
Ыкшып күлүп, жөтөлүп. Ачууланган тоту куштун күлкүлүү видеосу
Видеонун автору — даректүү картиналарды тартып жүргөн Жон Даунер.

Кадрдан төө куштун балапандарын гиеналардын тобу шилекейин чубуртуп акмалап тургандыгын көрүүгө болот. Ата төө куш биринчи болуп жырткычтарга кол салып, ургаачысына балдарын канатына калкалап калууга мүмкүнчүлүк түзүп берген.

Андан соң канаттуу качырып келип тээп өткөндө, эти ооруган жырткыч каңшылап жата калган. Бир аздан кийин анын аксап (демек, жаракат алган) ал жерден кетип бара жаткандыгын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0