Жаакка чабышкандар. Бишкектеги "Шапалак баатыр" турниринин видеосу

Жазылуу
Борбор калаадагы соода борборлордун биринде "Шапалак баатыр" турнири болуп өткөндүгүн уюштуруучулардын бири Ринат Усупбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, ага каалоосу болгон ар бир адам катышты.

Байге фондусу 240 миң сомду түздү. Анын ичинен 150 миң сомун негизги жеңүүчү алса, 75 миң экинчи орунду алган кишиге ыйгарылды. Ал эми 15 миң сому 3-4-орунду ээлегендерге ыйгарылды.

Турнирге жалпы 15 киши катышты.

"Эреже боюнча катышуучулар жаакка беш иреттен чабышты. Эгерде кол кулакка же көзгө тийсе жыдып калды деп эсептелет. Ал эми атаандашына мунун эсебинен дагы эки ирет чапканга мүмкүнчүлүк берилди. Эки жолу эскертүү алган катышуучу оюндан чыкты", - деди ал.

Уюштуруучу жеңгендердин ысымдарын айтты.

1-орунду Алмамбет Алмазбек уулу,

2-орунду Азамат Ташиев ээледи.

Дагы эки спортчу - Кубат Сулайманов менен Александр Гололбов үчүнчү орунга татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0