07:03 16 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4846
  • RUB1.0834
Видео

Бишкек: милициянын унаасы жолтандабасты аңтара сүзгөнү видеого түшүп калган

Кыскача шилтеме алуу
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (203)
528610
© видео очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу

Борбор калаанын Ахунбаев менен Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыктан эки адам жаракат алды. Lexus GX 470 үлгүсүндөгү жолтандабас менен Октябрь РИИБдин күзөт бөлүмүнүн кызматтык автоунаасы кагышкан.

Кырсыктын учуру тартылып калган видеону күбөлөр Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу жиберишти.

Кадрдан милициянын автоунаасы Ахунбаев көчөсү менен келип Токтоналиев көчөсүндө бара жаткан жолтандабасты артынан сүзгөндө, Lexus GX 470 капталынан түшүп кетип, кайра кадимки калыбында туруп калган.

ИИМдин мамлекеттик күзөт башкармалыгынын адистештирилген кызматы милициянын унаасы чакыруу түшкөн жерге бара жатканын билдирди.

 "13-июлда саат 10.26да Бакаев көчө., 132 көчөсүндөгү коргоого алынган аймактан "Тревога" кабары түшкөн. Аталган дарекке кармоо тобу чыгып кеткен. Автоунаа күйүп-өчкөн жарыгын иштетип бара жатканда кырсыкка кабылган", — деп айтылат маалыматта.

Аталган кырсык бүгүн, 13-июлда, саат 11.00 чамасында болгон.

 

Тема:
2019-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (203)

Тема боюнча

Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылып, тумшугу талкаланды. Видео
Бишкек: автокырсыктан бир адам жаракат алып, жолтандабас талкаланды. Видео
Бишкекте милициянын унаасы Lexus GX 470 менен кагышып, эки адам жаракат алды
Белгилер:
жолтандабас, автоунаа, милиция, жол кырсыгы, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ