Бишкек: автокырсыктан бир адам жаракат алып, жолтандабас талкаланды. Видео

Жазылуу
Автокырсыктын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигине WhatsApp-канал аркылуу окуя болгон жерден видео жиберди.

Окуянын күбөсүнүн айтымында, жол кырсыгы Лев Толстой менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде саат 15.30 чамасында болгон.

Кырсыктаган автоунаа болжол менен Mazda Tribute үлгүсүндө болушу мүмкүн. Милиция Жол кырсыгы катталганын тастыктап, бир адам жаракат алганын билдирди.

Ал эми Тез жардам кызматы аталган дарекке дарыгерлер чыгып кетип, жаракат алган адамды Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткиргенин кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0