Билбесе эмне кылсын... Биринчи жолу учакка түшкөн кыздын күлкүлүү видеосу

Жазылуу
Стамбулдагы аэропортто өмүрүндө биринчи жолу самолётко түшүп жаткан кыздын башы айланып калган.

Кыз чемоданын тапшыргандан кийин, учакка жеткирет деген ой менен өзү да кошо жүктү алып кирчү лентага отуруп алган. Аба майдандагы күлкүлүү учур видеобайкоого тартылып калганын RT каналы билдирди.

Как уборщик помешал пожарным быстро выехать на вызов — забавное видео - Sputnik Кыргызстан
Өрт өчүргөнгө чейин эле өздөрү тайгаланып, тоголонуп... Боорду эзген видео
Кадрдан жүргүнчү кыз документин каттаган жерден лентага чыгып, турууга жан далбастап баратып, экинчисине жеткенде жыгылган. Муну көргөн аэропорттун кызматкерлери иштеп жаткан жүк ташыгычты дароо токтоткон.

Ролик социалдык тармакка жарыяланып, көп жакка тарап, жүргүнчү кыз күлкүгө калды.

Видео жайгаштырылган жердин алдына ар кыл пикирлер жазылган.

"Бул учакка жетүүнүн кыска жолубу?" деп күлгөн бир интернет колдонуучу, дагы башкасы "жүк ташуучу авиакаттам менен учуу арзан" деп какшыктап жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0