Пенальти топту төшү менен тоскон дарбазачы оюн талаасында каза тапты. Видео

Жазылуу
Жаш дарбазачы аны көздөй учуп келе жаткан топту көкүрөгү менен тосуп, бир нече кадам жасап эле жыгылган.

The Sun басылмасынын жазганына караганда, кырсык 9-июлда Аргентинанын Санта-Фе провинциясында футболду сүйүүчүлөр арасында өткөн беттеште болгон.

Казакстанда шамал батутту учуруп балдарды басып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда шамал батутту учуруп, балдарды басып калды. Видео
11 метрден тебилген топ кишинин өмүрүн алган. Аны дарбазага киргизбей тосуп калган улан, бир нече көз ирмемден кийин жарык дүйнө менен кош айтышарын деле билбесе керек.

Трагедияны оюнду көрүп жаткан күйөрмандардын бири видеого тартып алган.

Маалыматтарга караганда, 17 жаштагы улан жүрөгү кармап каза тапкан.

Мындай окуя жакында эле Кыргызстандын Нарын аймагында болгон. Футбол оюнунан кийин милициянын отставкадагы подполковниги, 51 жаштагы адам ооруканада көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0