Гүл кучактап, боорсок көтөргөн кыздар. Казак премьерин тосуп алган видео

Жазылуу
Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга расмий сапары менен келди.

Аны "Манас" эл аралык аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Аба майданындагы жолугушууда ардак кароолдун ротасы тизилип, оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды.

"Аскар Маминдин Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында бир катар иш-чара өткөрүү пландалган. Алардын катарында VIII кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны бар. Ал эми эки тараптуу жолугушуулар тар жана кенен форматта өтмөкчү", — деп айтылат маалыматта.

Чолпон-Ата шаарындагы Рух Ордо маданий борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Ата шаарында VI эл аралык экономикалык форум өтөт
Тараптар жыйын учурунда соода-экономикалык кызматташууну өркүндөтүү, суу-энергетика, өнөр жай жана маданий-гуманитардык маселелерди кароону пландаштырууда.

Күн тартибине транспорт, инвестиция, туризм, билим берүү жана башка маселелер кирген.

Ошондой эле Казакстандын премьер-министрин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0