"Сүйлөшүүгө ар дайым сөзүбүз бар". Путин менен Жээнбековдун жолугушуусу видеодо

Жазылуу
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Швейцариядан келе жатып Москвага токтоп, Россиянын лидери Владимир Путин менен жолукту.

Эки мамлекеттин башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай, эки тараптуу форматта өттү.

"Сиз экөөбүз жакында эле көрүшкөнбүз, бирок ар тараптуу кызматташкандыктан сүйлөшкөнгө ар дайым сөзүбүз бар. Үйүңүзгө бара жатып бизге кире кеткениңизге абдан кубанычтамын", — деди Путин.

Жээнбеков дагы жолугуп сүйлөшүүгө убакыт тапканы үчүн Путинге ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз эли сизди Кыргызстандын эң жакын досу катары көрөт. Сиз өлкөнүн өнүгүшүнө опол тоодой салым коштуңуз. Муну биз жогору баалайбыз", — деди Жээнбеков.

Встреча с представителями крупного бизнеса Швейцарии президента Сооронбая Жээнбекова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков Швейцарияда бизнес көзүрлөрүнө жолугуп, бир топ документке кол коюлду
Маалыматта эки президенттин Россия лидеринин Бишкекке болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сүйлөшкөнү айтылат.

Мындан сырткары, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана алдыда боло турчу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун кеңешинин сессиясына даярдыктар талкууланган.

ЖККУ саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.

Эске салсак, мамлекет башчы расмий сапары менен Швейцарияга барган. Ал мекенге кайтарда кыска иш сапары менен Россияга кире кетери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0