Акылдуусун кара! Багыштын ысыктан коргонгон видеосу

Жазылуу
Кадимки эле багыш күндүн куйкалаган ысыгынан улам шаардыктардын короосуна кирип, газонго ээн-эркин жайгашып алган.

Бул туурасында Sputnik Өзбекстан жазды.

Ал эми жапайы жаныбар ушунчалык ээн-эркин жаткандыктан, сырттан көргөндөр аны атайын алып келишкен же коноктордун жаныбары деп ойлошу мүмкүн.

Окуя Алясканын кичирээк шаарларынын биринде болгон.

Багыш менен карышкырдын суудагы кармашы. Видео - Sputnik Кыргызстан
Багыш менен карышкырдын суудагы кармашы. Видео
Видео интернетке жарыялангандан кийин комментарий жазгандар менен «жакты» деген белги койгондор көп болгон.

Эл жаныбардын эр жүрөктүүлүгүнө жана акылдуулугуна таң беришкен.

Багыштын газондо, чөптү чачырап сугарган суунун жанында бейкапар кепшеп жаткандыгын көрүүгө болот.

Бул күлкүлүү окуядан кийин шаардын жашоочулары терезелерине байкоо камераларын орнотуп коюшкан. Муну алар "биздин короого да келип калышы мүмкүн" деген ой менен койгондуктарын жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0