Чык эшикке! Зеленский жыйындан аткаминерди кууп чыккан видео

Жазылуу
Украинынан президенти Владимир Зеленский Борисполь шаардык кеңешинин катчысы Ярослав Годунокту жыйын учурунда залдан чыгып кетүүсүн талап кылды.

"Обозреватель" порталынын жазышынча, жыйында райондун борборлоштурулган ооруканасынын маселеси талкууланган. Зеленскийге Годуноктун залда отуруп алып кыйкырганы жаккан эмес. Президент кимдир бирөө "көп кыйкырып" жатса, жардамчыларына ал тууралуу интернеттен маалымат табууну талап кыларын айтты. Жыйында ал интернеттен алынган маалыматты телефондон окуп берди.

Странное поведение Владимира Зеленского попало на видео - Sputnik Кыргызстан
Владимир Зеленскийдин адаттан тыш жүрүм-туруму видеого түшүп калды
Зеленский гезиттер Годунок тууралуу аны "Каракчы" деп жазганын айтып, андан "бул туурабы" деп суроо салды. Буга катчы эч нерсе деп жооп берген эмес. Президент аны залдан тезинен чыгып кетишин талап кылган. Годунок залдан чыгып баратып президенттин дарегине бир нече сөздөрдү айтууга жетишкен.

Буга чейин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кезинде жаратылыш кырсыктары жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу боюнча өкмөттүн кеңешмесинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбасы мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Алмазбек Абдыкаровду кууп чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0