Чолпон-Атадагы кырсык: Абжалиевдин уулунун кафедеги жана унаага түшкөндөгү видеосу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигине өздүк маалымат булактар ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу кырсык болгонго чейинки мезгилде көңүл ачуучу жайда жүргөн видеосун жиберди.

Кадрдан Темирлан Токобеков жана аны менен жүргөн өзү курдуу жигиттердин Чолпон-Атадагы ат майдандын жанындагы Social coffe көңүл ачуу жайына кирип баратканын көрүүгө болот. Аталган мекеменин кызматкери видеого түшүндүрмө берип, чыгып баратканда жашыл футболкачан жигит BMW X-7 унаасынын рулуна отурганын айтып жатат. Ал эми Токобеков менен дагы бир жигит автоунаага түшүп кеткен. Ошондой эле ал жашыл футболкачан жигит ичимдик ичпегенин, көпкө чейин лимон менен суу ичип отуруп, таңга жуук тамак алганын айтты. Ал эми Токобековдун спирт ичимдигин ичкенин билдирди.

Бишкек — Ош жолунда фура менен минивэн кагышып, эки киши көз жуумп, дагы алты адам ооруканага жеткирилди - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолундагы кырсыктан эки киши каза тапты. Сүрөт
Ал автоунаа жүрүп баратканда да рулда жашыл футболкачан жигиттин отурганын көрсөтү.

Эскерте кетсек, 7-июлда таңга жуук Чолпон-Ата шаарына жакын жайгашкан Бактуу-Долоноту айылында Lexus ES 330 жана BMW Х-7 автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен жеңил унаадагы төрт жигит каза болгон. Ал эми кроссоверде Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков отурганы белгилүү болду. Милиция BMW Х-7 унаасын Чүй облусунун 23 жаштагы тургуну айдап келе жатканын билдирген.

Токобековдун өкүлү автоунаа Бишкектеги BMW борборуна таандык экендигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0