Толкунданып, сүрдөп... Президенттен алтын сертификат алган окуучулардын видеосу

Жазылуу
Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган 52 бүтүрүүчүнүн 51ине президент Сооронбай Жээнбеков алтын сертификат тапшырды. Андан сырткары аймактарда эң көп балл алган экиден бүтүрүүчүгө да сертификаттар берилди.

Салтанат "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Церемония вручения золотых сертификатов выпускникам 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Кайсы облустун бүтүрүүчүлөрү алтын сертификатка көбүрөөк ээ болду? Тизме
Жээнбеков окуучуларды мектепти аякташы менен чын жүрөктөн куттуктады. Ал ошондой эле ЖРТ ар бир бала үчүн анын жашаган жерине, үй-бүлөсүнүн кирешесине карабастан жогорку билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Президент бүгүнкү күнү Кыргызстандын эмгек рыногу агрардык өнөр жай, маалыматтык технология, энергетика, туризм жана жеңил өнөр жайы багытындагы адистер көп талап кылынып жатканын айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ЖРТдан эң көп упай топтогон Элдияр Чормоновдон президенттин колунан алтын сертификат алып жаткандагы сезимдери кандай болгонун сурады.

"Чындыгында көп деле толкунданган жокмун. Сертификатты алып жатканда талыкпай даярданган убактым бошко кетпептир деген сыймыктануу сезими болду. Андан сырткары кийинки билим алууга бир топ шыктануу алдым", — деди Чормонов.

Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку балл алган үчтүккө кирген Аида Борукулова Лейлек районундагы №1 мектеп-гимназиясын бүтүрдү.

Ал ЖРТга 9-10-класстан тарта эле даярдана баштаганын айтып, өзгөчө деле ыкмасы жок экенин кошумчалады.

"Өзгөчө деле методум жок. Классташтарым менен чогуу эле даярдандым. 231 балл алып үчүнчү болом деп ойлогон эмесмин. Бирок тестти тапшырып жатканда 200 баллдан жогору балл аларымды билгем", — деди ал.

Торжественная линейка по случаю последнего звонка для учеников и выпускников гимназии № 5 в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жогорку окуу жайлар абитуриенттер үчүн эшигин ачты. Убакыт-сааты
Борукулова кичине кезинен бери эле дарыгер болууну каалагандыктан медицина жаатында билим аларын кошумчалады.

Эске салсак, быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 43 440 мектеп окуучусу катышып, эң жогорку балл 238 болгон. Аны Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейинин бүтүрүүчүсү Элдияр Чормонов алган.

Билим берүү жана илим министрлигинин берген маалыматы боюнча, тесттен өттү деген баллды 27 019 мектеп окуучусу, тагыраагы, бүтүрүүчүлөрдүн 62,2 пайызы алган. Былтыркы жылга (57 пайыз) салыштырмалуу бул көптүк кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0