Майыпмын деп үйүн оңдоткон аялдын калпы чыкты. Грозныйдагы чуулуу окуя видеодо

Жазылуу
Лизан Исакова бир нече жылдан бери оор дартка чалдыгып, тура албай жана көзү көрбөй калганын айтып, бирок ага бийлик жардам бербей келгенине даттанган.

Бул кабарды уккан кайрымдуулук фонддору жана Грозный шаарынын бийлиги аялдын батирин оңдоп, жаңы мебелдерди сатып берген.

Беш жыл бою элдин баары Лизан Исакованын көзү көрбөйт жана төшөктөн тура албайт, андыктан ага жардам берүү керек деп ойлоп келишкен.

Шаар тургундары аялга азык-түлүк, тиричилик буюмдарын сатып беришкен. Керек болсо атайын отургуч да алынган. Исакова жергиликтүү аткаминерлер ага жардам бербей жатканын такай айтып келгендиктен, мэрия менен коомдук фонд биргеликте үйүн оңдоп беришкен. Берилген жардамга алымсынбаган аял майып баласына да өзүнчө батир берүүнү талап кыла баштаган.

Акча кармап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Элди миллиондорго алдап кеткен кыргызстандык аял Москвадан кармалды
Бирок анын кошуналары аял калп айтып жатат деп шектенип, аны үйүндө басып жүргөнүн терезеден көрүшкөнүн айтып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Кийин органдын кызматкерлери үйгө жашыруун видеобайкоо коюшкан. Анда Исакованын үйдүн ичинде ары-бери басып, алынып келген тиричилик техникаларын карап жатканы тартылып калган.

Анан калса аялдын чындап эле оорулуу экенин тастыктаган бир да документи жок болуп чыккан. Өз кезегинде Исакова дарыгерлер ага тийиштүү кагаздарды атайылап бербей жатканын жүйө кылган.

Жергиликтүү укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, аял тургундар жана жергиликтүү бийликтин жардамынан тышкары мамлекеттен 700 миң рубль алган. Эми Ички иштер министрлигинин Грозный шаары боюнча тергөө башкармалыгы Исаковага карата алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда Исакова менен баласы кармалып, суракка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0