16:14 07 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD77.0500
  • EUR91.1694
  • RUB1.0463
Видео

Тоодон түшкөн 700 велосипедчинин биринин артынан бири жыгылган видеосу

Кыскача шилтеме алуу
582 0 0

Окуя Франциянын Альп тоолорунда болгон.

Жарыштын видеосу YouTube-каналына жарыяланган.

Велосипедчендер 3400 метрлик бийиктиктен 25 чакырым жолду басып түшүшмөк. Кадрдан көрүнүп тургандай, катышуучулардын бири трассанын кууш жеринен жыгылып кеткен. Артынан келе жаткандар бири-бирине урунуп, кулашкан. Жарыш башталып-башталбай жатып спортчулардын көбү аягына чыкпай калган.

Иш-чаранын расмий өкүлдөрүнүн айтымында, эч ким олуттуу жаракат алган эмес.

RT маалымдагандай, аталган жарыш жыл сайын өткөрүлүп келет. Спортчулар карга, тоо-ташка карабай жарышат. Мында уюштуруучулар жарыштын багытын өзгөртүп турууга аракет кылышат. Быйылкысында Килиан Брон аттуу спортчу жеңүүчү аталды.

Тема боюнча

Өтүп бараткан улан терезеден кулаган бөбөктү тосуп калды. Видео
Белгилер:
тоо, Франция, велосипед, жарыш

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ