Бишкектин чок ортосунда тез татым жайы күйүп кетти. Сүрөт, видео

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан тез татым жайы күйүп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирип, ӨКМ тастыктады.

Кырсык болгон жерге чакыруу 4-июлда, саат 19.29да түшкөн.

Өрт Чүй проспектиси менен Сүйүмбаев көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан павильондордун биринде чыккан.

Жеринде бир өрт өчүрүүчү унаа иштеп жатат. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0