Кытайдагы куюн алты адамдын өмүрүн алып, 120 кишини жарадар кылды. Видео

Жазылуу
3-июль күнү Кытайдын Кайюань шаарында катуу куюн болду.

Видео YouTube каналына жүктөлдү.

Кырсыктын кесепетинен алты адам каза тапса, 120 киши түрдүү жаракат алган. Синьхуа агенттигинин жазганына караганда, жабыркагандардын толук саны тактала элек.

Куюн унааларды коңторуп, бир нече кварталдагы үйлөрдүн терезелерин талкалап, чатырларын учурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0