14:37 20 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7839
  • EUR77.4776
  • RUB1.0477
Видео

Сумкасын кучактап жыгылган. Камчыбек Каримовдун өлүм алдында кармашкан видеосу

Кыскача шилтеме алуу
2439601

Екатеринбургда эмгектенген ишкер жана "Кыргызстан-Урал" коомдук уюмунун мурдагы жетекчиси Камчыбек Каримов өлүм алдында кылмышкерлер менен кармашып жатканы видеого түшүп калган.

Кадрдан бир эркек киши унаа токтотуучу жайда турган машинадан түшүп жолду көздөй басып кеткен, бир нече көз ирмемден кийин эле ал дагы бир киши менен Каримовду кууп келгенин көрүүгө болот. Кыргызстандык ишкер дарбазага жете бергенде колундагы сумкасын кучактап жыгылып түшкөн. Аны экөөлөп ур-тепкиге алганда каршылык көрсөтүп сумкасын берген эмес. Бул учурда ал жерге эки унаа келип, жөө адамдар да өтүп турган, бирок алар арачалаганга келген эмес. Каракчылар сумкадан акчаны чыгарып, чөнтөккө салып жатканы байкалат. Акырында Каримовду атып, экөө тең качып кеткен. Жабырлануучу ичин кармап, чөгөлөп отуруп калганда, өтүп бараткан адамдар жанына барган. Бир саамдан кийин тез жардам унаасы келген.

Эскерте кетсек, Камчыбек Каримовду 2-июлда Москва убактысы менен саат 13.00дө Екатеринбург шаарындагы Калинин көчөсүндө жайгашкан №22 үйдүн жанынан белгисиз адамдар атып кетип, каза болгон. Жергиликтүү ЖМКлар ишкердин жанында 19 миллион рубль болгонун жазышууда.

Тема боюнча

Екатеринбургда кыргыз диаспорасынын экс-жетекчиси атылды. Каргашанын чоо-жайы
Екатеринбургда атылган Каримов. ЖМК 19 млн. рублдин чоо-жайы тууралуу
Белгилер:
ишкер, акча, кылмыш, Екатеринбург, Камчыбек Каримов

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ