Балкондон ашыгына түшөм деп үйдөгүлөрдү коркутуп... Актаудан тартылган видео

Жазылуу
Окуя Казакстандын Актау шаарында болгон. 25 жаштагы жигит жакшы көргөн кызынын үйүнө 8-кабаттын балкону аркылуу кабель менен кирүүнү чечкен.

Бул анын ашыгы менен урушуп кеткенден кийинки кадамы экендиги белгилүү болду.

Окуянын видеосу YouTube каналына жайгаштырылган.

Москва готовится к встрече Нового года - Sputnik Кыргызстан
Кыз-жигиттин жашоосу алаканга салгандай көрүнүп турат. Алматыдагы өзгөчө шоу
Sputnik Казакстандын кабарлаганына караганда, ал көп кабаттуу үйдүн чатыры аркылуу ылдыйды көздөй тогузунчу кабаттан түшүп келе жатканда жашагандар байкап калып, ызы-чуу чыгарышкан. Эл жигитти жанын кыйган жатат деп ойлоп, алаксытуу аракетин жасаган.

Жашоочулар менен полиция кызматкерлери аны батирдин балкону аркылуу кабелден түшүрүп алганга жетишкен. Жигит өзүн түшүрүүгө аракет кылгандарга каршылык көрсөткөнү менен балкондогулар аны көптөп жатып аман алып калган. Бир нече мүнөттөн кийин "Мажнун" кылар ишти кылып алып, бирок абада асылып турганда өзү да апкаарып калгандыгын айткан.

Бир аздан кийин жигиттин таарынышып кеткен ашыгы менен жарашуу үчүн үйүнө балкон аркылуу аракет кылганы маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0