Путин Кыргызстандын РФтеги элчисинен ишеним грамотасын алды. Видео

Жазылуу
Владимир Путин Кыргызстандын Россиядагы жаңы элчиси Аликбек Жекшенкуловдон ишеним грамотасын алды.

Иш-чара салтанаттуу түрдө Кремль сарайынын Александр залында өттү. RT телеканалы аны түз эфирде көрсөттү.

Бишкектин мэри Азиз Суракматов Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукканын муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
Мэр Суракматов Россия элчиси Удовиченко менен жолукту
Жекшенкуловдон сырткары, Россиянын лидери чет элдик 18 жаңы элчини кабыл алды. Мамлекет башчысына ишеним грамотасын Конго, Сьерра-Леоне, Бразилия, Эфиопия, Белоруссия, Никарагуа, Түркия, Хорватия, Намибия, Мавритания, Афганистан, Греция, Корея, Кипр, Коста-Рика, Сейшел аралдары жана Ботсвананын элчилери ишеним грамотасын тапшырды.

Аликбек Жекшенкулов 2019-жылдын январь айында Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп дайындалган. Ага чейин элчиликти экс-президент Роза Отунбаеванын бир тууганы Болот Отунбаев жетектеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0