Төрага кол тийбестик боюнча: парламент Атамбаевге таарынгандай кыз эмес! Видео

Жазылуу
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев депутаттардын таарынычынан улам кол тийбестигинен ажыратылды деп айтууга болбойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков маалымат жыйында билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы спикерге "Атамбаевдин "экс-президент" макамынан тез арада ажыратылышы анын депутаттарды келекеге алган сөзүнөн улам болгон жокпу?" деген суроо узаткан.

"Ага таарыныч жок. Бирөөгө таарынгыдай парламент кыз эмес! Жогорку Кеңеш өзүнүн мыйзамдуу ишин аткарды. Биз коррупциялык элементтерди көрүп туруп ушундай ишке барбасак, кийин "эмнеге саясий чечимдерди кабыл алган жоксуз?" деп сурамаксыз. Мен болсо "ал менин досум, ал мени спикер кылган" деп жооп беришим керек беле. Биз эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз деп ант бергенбиз", — деди төрага.

Ал эми "эмне себептен мындай айыптоолор учурунда коюлган эмес" деген суроого "президенттин колунда бийлиги турганда эч нерсе кыла албайт экенсиң" деген жообун узатты.

Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин айланасындагы кырдаал тууралуу кыска-нуска видео
"Учурунда Өмүрбек Текебаев, Канат Исаев, Талант Мамытов айтып чыккан. Күч органдарын колго алып койсо көп иштер ачылбайт экен да. Бирок кыргызда "кылмыш иш кырк жылда билинет" деген жакшы сөз бар. Билинбедиби, көрүнбөдүбү?.. Биз мыйзамдуу жолду ачып бердик. Эми калганына баа бере албайбыз, укук коргоо органдары далилдесин. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз", — деди Жумабеков.

Эскерте кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевге беш күнөө коюу менен "экс-президент" макамынан ажыратуу чечимин кабыл алган. Буга байланыштуу мурдагы президент кол тийбестигинен кол жууду. Эми Башкы прокурор ага карата кылмыш ишин козгой алат.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0