Каракол шаарында кафе өрттөнүп жатат. Жеринен тартылган сүрөт, видео

Жазылуу
Күбө өрттүн видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp-каналы аркылуу жиберди.

Каракол шаарындагы Карл Маркс менен Крупская көчөсүндө жайгашкан кафе өрттөнүп жатканын кабарчыбыз жеринен билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жерине төрт өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Биринчи машина саат 13:00дө кырсык болгон жерге келген.

Эгер кандайдыр бир окуяларга туш болуп калсаңыз, анын сүрөт, видеосун +996 706 566 544 номери аркылуу WhatsApp же Telegram каналыбызга жиберсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0