Турист капчыгын уурдатып жатканын видеого тартып алган

Жазылуу
Лондонго келген таиланддык туристтер намыянын кантип уурдатып алганы видеого түшүп калган.

Окуя Вест-Энд районунда болуп, видеону The Daily Mail басылмасы жарыялады.

Видеодо туристтер өзүлөрүн көчөдөн видеого тартып кетип баратканын көрүүгө болот. Бир убакта алардын артынан үч кыз келип, билгизбей сумкасындагы намыянды алып жатканы тартылып калган.

Туристтердин айтымында, намыянда 400 фунт стерлинг жана кредиттик карточкалар болгон. Алар капчыгын алдырып жибергенин чөнтөкчү кыздар алыстап кеткенден кийин гана байкап калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0