Казакстанда боорсокту күнгө бышырып жатышабы? Интернеттеги өзгөчө видео

Жазылуу
Интернет колдонуучулар күнгө ысыды делген майга боорсок бышырып жаткан аялдын видеосун талкуулап жатышат.

Роликтин алдына окуя Кызылордада (Казакстан) тартылганы жана ал жакта 60 градус ысык экени жазылган.

Национальный парк Долина Смерти в Калифорнии - Sputnik Кыргызстан
Жер жүзүндөгү мээ кайнаткан ысык жерлер аталды. Тизме
Sputnik Казакстан агенттигине чыккан маалыматка караганда, Кызылордада бүгүнкү күндө аба ырайынын температурасы +43 градустан жогору көтөрүлө элек. Бул, албетте, видеонун "фейк" экенинен кабар берет.

YouTube каналынын көпчүлүк колдонуучулары дагы видеонун авторуна ишенишкен жок. Sputnik Казакстан агенттиги боорсокту мыкты бышырган кызылордалык пенсионер менен байланышып, анын роликтеги көрүнүш боюнча оюн угуп көрдү.

"Мен балдарыма, неберелериме ушул күнгө чейин тонналаган боорсок жасап бердим окшойт. Бул улуттук тамакты даярдоо үчүн майды катуу ысытыш керек. Ага ширенкени салганда күйүп кеткидей болушу кажет. Боорсок отко гана бышат", — деди ал.

Учурда аталган видео 21 миң ирет көрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0