Асыл тукум койлор бой-салмагынан күч сынашып... Казакстандагы сынактын видеосу

Жазылуу
Узаган жекшембиде кыргызстандык фермерлер Казакстандагы асыл тукум койлордун II эл аралык фестивалына катышты. Иш-чара Түркстан облусундагы Сайрам районунун Колкент айылында өттү.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин чыгармачылык тобу фестивалды жеринен барып тартып келген.

Асыл тукум койлордун II эл аралык фестивалын казакстандык FERMER.KZ коомдук бирикмеси уюштурду. Ага Кыргызстан жана Казакстандын райондорунан түзүлгөн 10 команда катышты. Кыргызстандан 50дөй делегат 15 асыл тукум кой менен барган.

Энеси бооз кезинде кулунун ээлеп коюшат. Чүйдөгү өзгөчө зоот жылкылардын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кулуну эле 100 миң сом турат! Чүйдө багылган зоот жылкылардын видеосу
FERMER.KZ коомдук бирикмесинин жетекчиси Анвар Рустемовдун айтымында, иш-чарага Россия, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттери дагы чакырылган. Бирок чек арадан малдарды өткөрүү көйгөйү болгондуктан ээлери конок катары эле келишкен.

Алгач фестивалдын алкагында кой кыркуу сынагы уюштурулду. Бул мелдеште кыргызстандыктар байгеге илинген жок. Ошондой эле кой союп, устукандоо, тамак жасоо боюнча орун ала албады.

Иш-чаранын негизги бөлүгүндө кочкорлор жаш курагына жараша бой, салмак жана дене түзүлүшү жагынан номинацияларда ат салышты.

6 жаштагы кочкорлордун эң алпы жана келишимдүүсү деп Кыргызстандан чыккан Гулливер табылды.

Мындан тышкары, кыргызстандык фермерлер бир жаштан алты жашка чейинки кочкорлор сынагынан байгелүү орундарга ээ болушту.

Натыйжада командалык эсеп боюнча да биринчи орунду камсыздап, кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0