Акыркы секундда баласын ажалдан алып калган эне. Жүрөк түшүргөн видео

Жазылуу
Интернетте наристесин шумдуктуу реакциясы менен аман алып калган эненин видеосу тарап жатат.

RT ресурсунун маалыматы боюнча, окуя Колумбиянын Медельин шаарында болгон.

Ээсин улам жеңден тарткылап... Петербургда ит ташталган бөбөктү сактап калды - Sputnik Кыргызстан
Ээсин улам жеңден тарткылап... Петербургда ит ташталган бөбөктү сактап калды. Видео
Видеодон баласын колунан жетелеп алып курулуш компаниясынын кеңсесине келген аял лифттен чыкканын көрүүгө болот. Бир ирмемге телефонуна алаксый түшкөн маалда бөбөк энесинин колунан бошонуп чыгып, тепкичти көздөй жөнөйт. Кармана албай тосмонун тешигинен ылдый кулап кете турган болот.

Дал ошол маалда, дээрлик акыркы ирмемдерде баласына чуркаган аял аны буттан алууга жетишкен. Маалыматта баланын коркуп эле калганы болбосо эч жери жабыркабаганы айтылган.

Ушул окуядан кийин шаар бийлиги аталган жайдын ээсин имаратты тиешелүү талапка жооп бергидей кылып жасап чыгуусун милдеттендирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0