Колго тийген камчы, берилген бата. Назарбаевдин гүлгүндөй жаштыгы видеодо

Жазылуу
Эгемендүүлүк алгандан бери чогулган кадрлардан турган тасма калың элге тартууланды.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик видеосун өлкө башчынын радиокомплекси чыгарды.

Интернетте 1991-92-жылдары тартылган кадрлар жарыяланды. Аймактарды кыдырып жүргөн Назарбаевге карыялар бата берген жери да бар. Ийгилик каалаган аксакалдар президентке камчы тартуулап, "көргөн сайын бизди эстеп жүрүңүз" деген ниетин айтышкан.

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев бир күндө эки наам алып, кызы Дариганын кесиптеши болуп калды
Президент иретинде карыялар менен тамашалашып, бул камчысы район-совхоздордун башчыларына көрсөтүп туруу керектигин билдирген.

Архивдик кадрлар "Эгемендүүлүк доорунун лидери" деп аталган тасмада камтылган. Фильмдин бет ачары ишемби күнү Нур-Султан шаарында болуп өттү.

Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев 19-мартта президенттиктен кетип жатканын жар салган. Ушу тапта Казакстандын президенттик шайлоодо жеңип чыккан Касым-Жомарт Токаев башкарууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0