Ээсин улам жеңден тарткылап... Петербургда ит ташталган бөбөктү сактап калды. Видео

Жазылуу
Оорукана кызматкеринин айтымында, баланы төрөлгөндөн 2-3 саат өткөндөн кийин дароо таштап кетишкен.

Санкт-Петербург шаарындагы паркта бадалдардын арасында, эл байкабай турган жерге ташталган ымыркайды ошол жерде ээсин ээрчип жүргөн ит сактап калды. Бул туурасында "Вести" каналы кабарлады.

Мачо деген ат ыйгарылган ит паркта жүргөндө капыстан ээсинин жеңинен тиштеп, бадалдардын коюу өскөн жерин көздөй тарткылаган. Алгач эч нерсени түшүнбөгөн киши иттин бул аракетине көңүл бурбай, бирок абай салып, көрсөткөн жагын көздөй баскан.

Тиштей качып, ажалдан арачалаганга жетишти. Каарман, боорукер иттин видеосу - Sputnik Кыргызстан
Тиштей качып, ажалдан арачалаганга жетишти. Каарман, боорукер иттин видеосу
Көп байкала бербеген көлөкөлүү жерден аялдын кирдеген ич кийимине оролгон, дүйнөгө жаңы келген ымыркайды тапкан. Наристе алсыз болгондуктан ал тургай ыйлаганга жараган эмес. Кожоюн анын бутун кыймылдатып жатканын байкагандыгын кийин журналисттерге айтып берген.

Ал ошол жерде кайгуулда жүргөн Росгвардиянын аскерлерине кайрылып, алар Тез жардам чакырып, ымыркайды дарыгерлердин колуна тапшырышкан.

Маалыматтарга караганда, азыр бөбөктүн абалы жакшы. Эч жери жабыркаган эмес.

Оорукана кызматкеринин айтымында, баланы төрөлгөндөн 2-3 саат өткөндөн кийин дароо таштап кетишкен.

Учурда полиция кыздын энесин издеп жатканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0