Соцфонддун аймактык жетекчисинин орун басары пара алып кармалды. Видео

Жазылуу
Финансы полициясы Социалдык фонддун Сузак райондук башкармалыгынын жетекчисинин орун басарын кармады.

Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү кызматынын маалыматына караганда, кызматкер улгайып калган аялды пенсияга чыгаруу үчүн пара талап кылган деп айыпталууда.

Как задержали со взяткой бишкекского чиновника в его же кабинете — видео - Sputnik Кыргызстан
Бишкек мэриясынын аткаминери кабинетинен пара алып жатып кармалган видео
Сотко чейинки өндүрүштө белгилүү болгондой, жетекчинин орун басары аялдан 22 миң сом алмакчы болгон. Бирок буга чейин да пенсияга чыккысы келген аял документтерди бүтүрүү үчүн деп 13 миң сом бергенин айткан.

19-июнь күнү аткаминер өз кабинетинде 10 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Видеодо столдун үстүндө акчалар жатканын жана аларда "пара" деген жазуулар бар экени текшерилип жатканын көрүүгө болот.

Шектелүүчү Жалал-Абад ОИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0