Мындайды көрбөптүрбүз! КР бийчилери АКШдагы сынакта калыстарды ордунан тургузду

Жазылуу
Кыргызстандык Adem Dance бий тобу America's Got Talent сынагына катышкан.

Кыргызстандык бийчилердин сынактагы видеосу YouTube каналына жарыяланды.

Mortal Kombat компьютердик оюнунун негизинде коюлган номер залда отургандардын бүйүрүн кызытты. Алар калыстарга сөз бербей көпкө чейин кол чаап турушту.

Калыстар тобунун төрт мүчөсү тең укмуштуудай номер болгонун жашырышкан жок.

"Силердин ар бир кыймылыңар так жана эффективдүү. Баракелде!" — деди америкалык актриса Жулианна Хаф.

Башкалары дагы мындай номерди мурда көрүшпөгөнүн белгилешти.

America's Cot Talent ("Америкада таланттар бар") — NBC телеканалынын долбоору, ал эми бир бөлүгү Got Talent компаниясына тийиштүү. Ага ырчылар, бийчилер, фокусчулар жана башка таланттар катышат. Байге фондусу 1 миллион долларды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0