Жакшы эс алып келгиле! Жээнбеков депутаттарга ыраазы болду. Видео

Жазылуу
Июнь айынын аягында депутаттардын кезектеги сессиясы аяктап, бир айга эс алууга кетишет.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке келип, өкмөттүн жаңы дайындалган мүчөлөрүнүн антын кабыл алды. Алардын иштерине ийгилик каалап, анттын барк-баасын, жоопкерчилигин эскертти.

Андан соң президент Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, аларды алдыда чоң иштер күтүп тургандыгын айтты.

Жакында Бишкекте өткөн ШКУнун саммити жана Кытай, Монголия, Индия жетекчилеринин Кыргызстанга сапары жемиштүү болду деген оюн билдирди.

"Бул иштер Кыргызстан үчүн экономикалык жана саясий жактан маанилүү. Элибиздин биримдигин, намыстуулугун, мекенчилдигин, биримдигин дүйнөгө дагы бир ирет даңазалдык. Уюшкандыкта өткөн иш-чарага ЖК төрагасы Дастан Артисбекович (Жумабеков — ред.) баш болгон депутаттар катыштыңыздар. Сиздердин да салымыңыздар чоң. Учурдан пайдаланып, сиздерге чоң ыраазылык билдирем. Урматтуу депутаттар, эми алдыда шайлоочулар менен жолугууңуздар иштиктүү болсун. Андан кийин бир айлык эс алуу бар. Жакшы эс алып, кайра келиңиздер. Сиздерди абдан чоң иштер күтүп турат", — деди Жээнбеков эл өкүлдөрүнө.

Июнь айынын аягында ЖКнын VI чакырылышынын депутаттарынын кезектеги сессиясы аяктап, бир айга эс алууга кетишет.

Парламент ишин сентябрь айында баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0