Балам оорулуу... Өзгөндө кароолканада жашаган аялдын тагдыры видеодо

Жазылуу
59 жаштагы Салима Дүйшеева экинчи топтогу майып уулу экөө 6 жылдан бери Өзгөн районунун Кароол айылындагы стадиондо күзөтчү үчүн салынган тар бөлмөдө күн кечирип келет. Бөлмөнүн үстүнөн тамчы тамса, жерине цемент төшөлгөн.

Кышкысын араң эле жан сактап келе жаткандыгын айтып көзүнө жаш алган эненин жашаарга турак жайы жок. Пенсия курагына жетсе да мамлекеттен акча бөлүнгөн эмес, себеби үлүш жери жок дешиптир.

Салима эненин 20дагы уулу Муса 3 жашынан тарта жүрөк илдети менен жабыркап келет. Экинчи топтогу майып. 3 жыл мурда ага мамлекет тарабынан 3 000 сом жөлөк пул чегерилген. Эне-бала ай сайын ошол акчаны күтүп жашайт. Мындан сырткары, 10го жакын тоогунун жумурткасын чогултуп сатып, ага нан, чай сатып аларын айтат.

"Мен өзүм Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулуп өстүм. Өзгөндүн Кароол айылына турмушка чыккам. Жолдошум экөөбүз 4 кыз, бир уулдуу болдук. Бирок Кароолдон үлүш жер тийбей өз убагында там да сала албадык", — дейт Дүйшеева.

Жашоо-шарттын оордугунан 1994-жылы Салима Дүйшеева Казакстанга жумуш издеп, алты баласы менен жол тарткан. Ал жакта тамеки талааларында иштеп, кыздары мектепке да бара албаганын айтып кейиген эне жашып кетти.

Нуждающаяся в операции дочери Нурила Курманбекова - Sputnik Кыргызстан
Кызынын операциясына акча чогулткан эне: Сабинамдын башын төрт ирет ачышты
"1999-жылы кичүү уулум Муса Казакстанда төрөлдү. Анын келечегин ойлоп, билимдүү болушун каалап тамеки талаасын биротоло таштап, 2012-жылы Өзгөнгө баса бердик. Мигрант болуп жүрүп, оор турмушта чоңойгон кыздарым Казакстанда турмушка чыгышты", — дейт Салима эне.

Дүйшееванын жолдошу ичкилик көп ичкендиктен катуу ооруп, 2012-жылы көз жумган. Турак жайы жок эне уулу менен бир тууган кайнежесинин, андан соң мигрант катары Россияда жүргөн айылдаштарынын бош калган үйлөрүндө баш калкалап келет. 2013-жылы жашаарга үй-жай жок болгондуктан айыл өкмөткө кайрылганда жергиликтүү бийлик энени уулу менен стадиондун эки бөлмөлүү кароолканасына жайгаштырган.

2013-жылдан тарта Салима эне аталган жайда баш калкалап келет.

"Уулум да оор ишке жарабайт. Ага болбой эле "акча табайын" деп жалданып иштеп жүрдү. Оорусу күчөй баштады. Айылдык мектепте 9-класска чейин гана билим алды. "Какаганга муштаган" болуп, улуу кызыма да Казакстанда операция жасалып, анын эгиз балдарын ушул тар бөлмөдө бакканга аргасыз болдум. Кырсык эгиздеп келет деген чынбы, айтор, кичүү кызымдын күйөөсү Казакстанда жол кырсыгынан каза болуп, төрт жашар баласы менен эки ай мурда Өзгөнгө келүүгө мажбур болду. Себеби күйөө балам ата-энеси жок, жалгыз уул болчу. Азыр кызым, уулум, неберем ушул тар бөлмөдө күн кечирип жатабыз", — деди Дүйшеева.

Анын айтымында, жолдошунун да, өзүнүн да бир туугандары каза болуп калгандыктан ага каралашаар жакыны жок. Ал эми кыздарынын да турмушу оор болгондуктан энеге жардам бере албайт.

Кыргызстанка Наргиза Жолдошева - Sputnik Кыргызстан
Баламдын табарсыгы жарык, заарасы токтобойт. Операцияга акча издеген келин
Мындан эки жыл мурда өзү да жол кырсыгына учурап, омуртка сөөгүнөн жарака кетип, моюн тарабы жабыркаган. Төрт ай төшөктө жатып, араң басууга жарап калган.

Кароол айылынын башчысы Жалын Абдисаламов эненин жашоо-шартын эске алган айыл өкмөтү ага жер бөлүп берүүнүн аракетинде экендигин билдирди.

"Айыл өкмөттүн алдындагы жер үлүшүн бөлүштүрүү боюнча комиссияга кайрылганбыз. Салима Дүйшееванын абалы боюнча алардын кабары бар. Жер тилкесин бөлүп берүү маселеси каралып жатат", — деди Абдисаламов.

Салима эне майып уулу Мусанын ашпозчу болуу тилеги бар экендигин айтып, бирок кесиптик окуу жайга окутууга каражаты жоктугун айтат.

"Бир гана тилегим — уулумду көзүмдүн тирүүсүндө өзү жактырган кесиби боюнча окутуп, нан таап жегенге жардам берсем жакшы болмок", — дейт ал.

Sputnik буга чейин 20 жылдан бери көчүп-конуп жашап, алты баланын, анын ичинен экөө шал болуп ооруган эки бөбөктүн ата-энесине Оштогу кайрымдуулук фондунун эки бөлмөлүү там салып бергени тууралуу жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0