Укмуш секирди! Антилопанын ач арстандардын азуусунан аман калган видеосу

Жазылуу
Африкадагы Крюгер улуттук паркынын коштоочусу Бонг Ниуюл антилопанын ач арстандардан аман калганын видеого тартып алган.

Видео Africa Geographic YouTube каналына жарыяланды.

Кенгуру скакал себе спокойно, не ожидая такого поворота — смешное видео - Sputnik Кыргызстан
Капыстан болгон "кырсык". Кенгурунун күлкү келтирген видеосу
Ургаачы арстандардын тобу антилопага суунун жээгинде кол салышкан. Кадрдан көрүнүп тургандай, жалгыз арстандан качып келе жаткан антилопанын алдынан дагы эки жырткыч тосуп чыккан. Бул учурда антилопа алардын башынан секирип өтүп, бирөөсүн туягы менен башка тепкенге да жетишкен.

Интернет колдонуучулар мындай нерсени биринчи жолу көрүп жаткандарын жазып, жаныбардын секиргенине таң калышууда.

Жакында эле буйволдун үйүрүнө кол салган арстандын айласын кетире кубалаган видео тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0