Унаа аңтарылып кеткен. Бишкектеги жол кырсыктын видеосу

Жазылуу
16-июнда таңкы саат 05:05тер чамасында Москва көчөсү менен Эркиндик проспектисинин кесилишинде жол кырсыгы болду.

Бишкек ЖКККББнын маалымат кызматы билдиргендей, Subaru forester үлгүсүндөгү автоунаа Москва көчөсү менен чыгыш тарапты көздөй бара жатып Эркиндик проспектисине жеткенде Honda Jazz үлгүсүндөгү көлүк менен кагышкан.

Түндө Бишкекте такси кызматынын унаасы жол тандабас менен кагышты - Sputnik Кыргызстан
Жол тандабасты сүзгөн таксист жүргүнчүсүн таштай качты. Бишкектеги кырсыктын сүрөтү
Кырсыктын видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө жөнөткөн. Анда көрүнүп тургандай, Subaru forester капталынан куласа, Honda Jazz аласалып тротуарга кирип кеткен.

Кырсыктан эки айдоочу жабыркап, ооруканага жеткирилген. Ал эми автоунаалар атайын жайга токтотулуп, иш Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0