Бишкекте Subaru Forester скутер менен кагышып кетип, эки киши жаракат алды. Видео

Жазылуу
Кырсык Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде болду.

Бишкек шаарында скутер менен жеңил автоунаа кагышып, жаракат алгандарды Тез жардам ооруканага алып кетти. Бул туурасында маалыматты окуяга күбө болгон адамдар кабарлашты.

Учебные сборы сотрудников следственного комитета в Свердловской области - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө эки унаа кагышып, 24 жаштагы жигит каза тапты
Анын айтымына караганда, кырсык Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде ишемби күнү болжол менен саат 10:30дарда болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан аталган фактыны тастыкташты.

Жеңил унаа Айни көчөсү менен батышты көздөй келе жатып, Айтматов проспектисинен скутер менен кагышкан. Анын кесепетинен скутерди башкарып бара жаткан киши менен жүргүнчү ар кыл жаракаттарынан улам ооруканага түшкөн.

Бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертиза дайындалган.

Автоунаа менен скутер атайын короого токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0