Шишкебекти шашпай, сыдырып жеп. Казакстандагы аюунун жылмайткан видеосу

Жазылуу
Интернетте аюунун Казакстан тараптагы туристтик жайдын аймагына кирип алып, идиш-аякты аңтарып, андан сырткары, мангалдагы түндө калган шишкебекти "шыпырып" кеткен видеосу тарады.

Окуянын күбөсү аны YouTube каналына жайгаштырган.

В центре поселка 50 белых медведей. Видео нашествия хищников - Sputnik Кыргызстан
Тобу менен шаар аралаган ак аюулар. Желип-жорткон жырткычтардын видеосу
Шишкебектин ээлери аюунун кылыгын жакын эле аралыктан байкап турушканы айтылат. Адатта адамдын жытын алыстан сезген бул жырткыч алардан чочуп да койгон эмес.

Эс алгандар кечинде жеген тамак-ашын сыртка столдун үстүнө калтырып кеткендиктен, аюу "аңчылыкка" келген.

Ал эми Устинка LIVE порталы эс алуучулардын идиш-аяктарын калдыратып, жырткычты чочутууга кылган аракетин аюу тоготуп да койбогондугун жазды.

Жапайы жаныбар качан гана курсагын тойгузган соң шашпай басып, кашаадан чыгып кеткен.

Буга чейин интернетке терезеден үйгө секирип кирип, муздаткычтан бир нерсе издеген эки аюунун видеосу тараган.

Жаңылыктар түрмөгү
0