13:42 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8305
  • EUR78.3044
  • RUB1.0857
Видео

Aurus, BMW жана Mercedes. Президенттер Бишкекте кандай унаа менен жүрүштү. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (60)
2322 0 0
© Пресс-служба президента КР , пресс-служба правительства КР

Мамлекет башчыларды "Манас" аба майданынан өкмөт мүчөлөрү менен президент тосуп алды. Учурда Бишкектеги ШКУ саммитине Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай жана Пакистан мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги сыйлуу коноктор шаарды кандай унаалар менен аралап жүргөнүнө кызыгып, маалымат топтоду.

Россиянын президенти Владимир Путин адаттагыдай Aurus лимузинин ала келген. Ал эми Кытай төрагасы Си Цзиньпин Hongqi компаниясы тарабынан чыгарылган N501 лимузинин алдырткан. Ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Mercedes-Maybach S600 машинасын айдатып алган.

Белгилей кетсек, 2013-жылкы ШКУ саммитинде Россия Кыргызстанга сыйлуу конокторду ташуу үчүн кымбат баалуу унааларды кайтарымсыз түрдө берген. Анда Бишкекке Москвадан BMW 760Li High Security үлгүсүндөгү беш унаа, кичи автобустар жана тик учак келген.

Ошол BMW унаалардын биринде Монголиянын башчысы Халтмаагийн Баттулга жүргөнүн көрүүгө болот. Дагы эки BMW машинасын Иран президенти Хасан Рухани менен Афганистандын башчысы Мохаммад Ашраф Ганиге беришкен.

КР президентинин иш башкармалыгынын автопаркында Mercedes S class W222 үлгүсүндөгү унаалар дагы бар. Аларды Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон, Белоруссиянын башчысы Александр Лукашенко, Индиянын премьер-министри Нарендра Моди жана Пакистандын премьер-министри Имран Хан алган.

Ал эми өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков ШКУ саммитинде BMW 760 Li унаасы менен жүрөт.

Президенттердин кандай учак менен келгени да кызык болуп жатса керек. Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын самолёттордун сүрөт түрмөгүн даярдады.

Sputnik Кыргызстан саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Тема:
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (60)

Тема боюнча

Бишкекке удаасы менен 7 Boeing конду! Саммитке келген ажолордун учагы сүрөттө
Путин ШКУнун негизги приоритетин атады
Белгилер:
унаа, премьер-министр, президент, саммит, ШКУ, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ