Кучакташып көрүшүп. Жээнбеков менен Путиндин учурашуусу видеодо

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын лидери Владимир Путинди Кыргызстандын чыныгы досу экенин белгиледи.

Владимир Путин Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Ал Бишкекте 14-июнда өтө турган ШКУ саммитине катышат.

Жээнбеков кесиптешин өтүп кеткен Россия күнү менен куттуктап, ар бир жолугушуу сайын эки өлкөнүн кызматташуусу жакшырып жатканын кошумчалады.

"Кыргызстанга келгениңиз үчүн абдан кубанычтабыз. Биз ар дайым Россия менен Владимир Путин Кыргызстандын чыныгы досу экенин айтып жүрөбүз", — деди Жээнбеков.

Ал эми Путин ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити эл аралык деңгээлдеги маанилүү иш-чара экенин белгилеп, саммит жогорку деңгээлде өтөрүнө ишенерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0