Жаңысы да чирип жатат! БАЭдеги машина "көрүстөнү" видеодо

Жазылуу
Кымбат баалуу унаалардын «көрүстөнү» Бириккен Араб Эмирлигиндеги ири аянттан табылган.

Видео Caters Clips YouTube каналына жүктөлдү.

600 аттын күчү бар... Араб шейхи элде жок унаасын көрсөттү. Видео - Sputnik Кыргызстан
600 аттын күчү бар... Араб шейхи элде жок унаасын көрсөттү. Видео
Мындай жер Шарджи шаарында жайгашкан. Таштандыга чыккан унаалардын катарында баасы асманды чапчыган Ferrаri, Rоlls Rоyсе, Веntlеy, Rаngе Rоver жана Lаmbоrghini бар.

Видеону жүктөгөн адамдын айтымында, бул машиналардын көбү ээси мыйзам бузганы үчүн өлкөдөн чыгарылган. Айрымдарынын кожоюндары убагында насыясын төгө албай, унаалары атайын токтотуучу жайда калып калган.

Айрым көлүктөрдүн абалы жакшы болгондуктан, тетик үчүн жарым баасына сатып алууга боло турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0