Байкабай калыптыр. Оштогу парктын тепкичинен машина айдаган улан үн катты

Жазылуу
Шаардык милициянын билдиришинче, окуя 10-июнга караган түнү болгон.

Ош шаарындагы Токтогул паркынын кире беришиндеги жаңы оңдолгон тепкичтен машина айдап түшкөн жигит үн катты. Буга чейин Ош ШИИБдин берген маалыматы боюнча, ал 11-июнда эртең менен кармалган. Көрсөтмөсүндө паркка адашып кирип кеткенин айтып, бул кылыгы үчүн шаардыктардан кечирим сурады.

"Караңгыда жолду көрбөй машинаны тепкичтер турган жакка салып алыптырмын. Ош шаарында жашаган бардык адамдардан кечирим сурайм. Жасаган ишим туура эмес, кылган ишимди моюнга алам, келтирилген чыгымды төлөп, оңдоп жасап берем", — деди ал.

Бишкекте троллейбустун каршы тилке менен жүргөн видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте троллейбустун каршы тилке менен жүргөн видеосу
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков окуя 10-июнга караган түнү болгонун айтты.

"Ош шаардык ички иштер башкармалыгы иликтөө баштады. Айдоочу Кара-Суу районунун 1998-жылы туулган Б. К. аттуу тургуну болуп чыкты. Ал таксист экен. Учурда келтирилген чыгымдар такталууда", — деди Сыдыков.

ШИИБдин маалымат катчысы бардык келтирилген чыгымдар аныкталгандан кийин айдоочу тийиштүү жазасын аларын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0