Алган соккудан рингде өлүп кала жаздады. Мексикадагы беттештин видеосу

Жазылуу
Жеңил салмак боюнча дүйнө чемпиону титулунун экс-талапкери Фелип Орукута атаандашы Жонатан Хавьера Родригестин соккусунан кийин ары барып бери келди.

Мушкерлер профессионалдык бокс боюнча Мексиканын Герреро штатында болгон мелдеште беттешкен.

Турнир UFC 238. Бой Валентины Шевченко и Джессики Ай - Sputnik Кыргызстан
Шумдук тепти! Шевченконун атаандашы Жессика Ай үн катты. Видео
Родригес 10-раундда атаандашын сулата чаап жеңишке жеткен. Беттеш токтотулары менен Орукута эсин жоготуп, дем албай калган. Дарыгерлер рингдин ичинен эле ага медициналык жардамды көрсөтүүгө аргасыз болушкан. Бир аз өзүнө келгенден кийин аны атайын аппаратка туташтырып алып кетишкен.

ESPN басылмасынын жазышынча, Орукутанын абалы азыр туруктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0