Көңүл көтөрөт! Эне пил баласын ойготуп жаткан видео

Жазылуу
Эне пил уктаган баласын өзгөчө бир мээрим менен ойготуп жаткан видео тарады. Ролик интернет айдыңында кызуу талкууга алынып, көп пикирлер жазылууда.

«Видео Түштүк Африкадагы Крюгер паркынын аймагында тартылган»,- деп жазган National Geographic.

Почти как в Маугли — 6 слонят застряли в грязевой яме. Видео спасения - Sputnik Кыргызстан
Пилдин баткактан чыккан балдарынын бири адамдарга кантип ыраазы болду. Видео
Пилдердин тобу күн чубактап жатып, бир аздан кийин энеси баласын мурду менен назик түрткүлөп ойгото баштаган.

Баласы алгач ойгонуп, бирок кайра жатып алганын көрүүгө болот. Бирок чоңдордун "буйругунан" улам ага уйку менен коштошууга туура келген. Экинчи кезек анын бир тууганына жетип, ал да ойгонгон. Бир аздан соң бул жаныбарлар тобу менен токойдун түнт жагына кирип кеткен.

Интернет колдонуучулар бул видеону көрүп, элжиреп-эзилип комментарий жазышкан. Бир катарлары уйкусу канбаган кичинекейди "апа, дагы 5 мүнөт жата турайынчы" деген уйкучу бөбөктөргө окшоштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0