Беш-Күнгөйдө мотоциклчен киши жолтандабасты сүзүп мүрт кетти

Жазылуу
Жол кырсыгы бүгүн, 8-июнда, кечки саат 17:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күнгөй айылында катталган.

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына мотоцикл айдаган 30 жаштагы киши катуу ылдамдыкта келе жатып Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унааны сүзүп алганын кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, жолтандабастын айдоочусу эреже бузган эмес.

Унаа атайын жайга токтотулуп экспертиза дайындалган. Тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0